Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 11.07.2016 13:12

Айыл турмушу: Казакстанда татуировка тартып иштеген 24 жаштагы Мээрим эми Ысык-Көлдөгү эс алуучуларга кызмат кылууда (фото)

Turmush -  Казакстанда бир нече жылдан бери татуировка тартып иштеген Бишкектин 24 жаштагы тургуну Мээрим эми Ысык-Көлдүн жээгиндеги эс алуучуларга кызмат көрсөтүүдө.

Мээрим Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал татуировка тартууну интернет булактарынан үйрөнгөн.

«Интернетти жөн эле барактап отуруп, "тату жасоону кантип үйрөнүү керек?" деген видеону көрүп калдым. Видеону толук көргөндөн кийин бул ишке болгон кызыгуу жаралды. Күн сайын бул иш тууралуу көп окуп баштадым», - дейт ал.

Бул иштин бардык ыкмаларын үйрөнгөндөн кийин ал алгачкы тажрыйбасын Казакстандан баштаган.

«Мен Казакстанда иштедим, ал жакта татуировканы жакшы көргөн жаштар абдан көп. Ал жерде мен интернеттен үйрөнгөнүмдүн барын иш жүзүндө көрсөттүм. Бул менин негизги жумушум эмес, бирок татуировка тартуу мага абдан жагат. Бул менин хоббим десем да болот», - деди Мээрим.

Эми ал өзүнүн тажрыйбаларын Ысык-Көлдүн жээгинде да көрсөтүп, эс алуучуларга убактылуу татуировка тартып берүүдө. Күнүнө ага орточо эсеп менен 10 жана андан көп адам кайрылат.

Убактылуу тартылган татуировканы жасатуу 100 сомдон жогору болот. Туристтик сезон бүткөндөн кийин ал кайрадан Казакстанга кетип, өзүнүн ишин улантмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×