Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 14.07.2016 10:59

Ысык-Көл районунун акими облус жетекчинин каалоосу менен кызматын бошотууда

Turmush -  Ысык-Көл райондук администрациянын башчысы — аким Раимбек Имангазиевдин ээлеген кызматынан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазуусуна облус жетекчисинин каалоосу себеп болгон.

Кечээ, 13-июлда өткөн Ысык-Көл облусунун кеңейтилген коллегиясында эки аким — Ысык-Көлдүн акими Раимбек Имангазиев менен Түп районунун акими Ишен Кожалиев премьер-министрдин атына өз калоосу менен кызматынан бошотуу тууралуу арыз жазганы маалымдалган.

Күн тартибиндеги акыркы маселеге келгенде жыйын жабык эшик артында уланып, акимдердин, мэрлердин жана жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилеринин ишмердүүлүгү, дисциплиналык аткаруучулук тууралуу маселе каралды.

Бүгүн, 14-июлда Turmush басылмасына комментарий берген Ысык-Көл районунун акими Раимбек Имангазиев мындай чечимдин себебин айтты.

Р.Имангазиев

Раимбек Имангазиев

«Бул губернатордун (өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү) каалоосу болду», - деди ал.

Р.Имангазиев Ысык-Көл районунун акими болуп 2012-жылдын мартында дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×