Turmush — Жайкы сезондо эс алуучулардын көпчүлүгү «Кыргызстандын бермети» аталган Ысык-Көлдүн жээгине баруу менен чектелишет. Бирок ошол эле облуста өлкөдөгү эң кооз капчыгайлар, шаркыратмалар, тарыхый комплекстер да орун алган. Turmush басылмасы көрүүгө арзый турган кооз жерлердин тизмесин түздү.
Туз-Көл — бул Кыргызстандагы эң туздуу көл болуп эсептелинет. Ал Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде орун алган. Туздуулугу сезон сайын алмашып турат. Көлдөгү туздун жогорку концентраты көптөгөн ооруларга жардам берип, псориаз, тери жана гинекологиялык ооруларга пайдалуу деп айтылат.
Көлдүн түбүндө кара, көгүш жана жашыл түстөгү баткактарды алууга болот. Кара баткак — булчуң ооруларына пайдалуу болсо, көгүш баткак тери ооруларына жана бетке маска катары да колдонулат. Ал эми жашыл баткак гинекологиялык ооруларга пайдалуу деп саналат.
Жети-Өгүз капчыгайы — Каракол шаарынан батыш тарапка 30 чакырым аралыкта жайгашкан. Анын узундугу 40 чакырымды түзөт. Бул Кыргызстандагы эң кооз жерлердин бири болуп саналат.
Жети-Өгүз капчыгайынан Кыздын көз жашы шаркыратмасын табууга болот. Ал болгону 20 метр бийиктикте жайгашкандыктан 40-50 мүнөттө жөө басып жетүүгө болот. Өзгөчө кооз шаркыратмага баруу менен «Жарылган жүрөк» аскаларын көрүүгө болот.
«Жомок» каньону — Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, тактап айтканда Жети-Өгүз районунун Тосор айылынан 4 чакырым алыстыкта орун алган. Каньон чопо аскалардан турат.
Мында түрдүү жан-жаныбарлардын же белгилүү архитектуралык курулуштардын сөлөкөтүн көрүүгө болот.
Барскоон капчыгайы — Ысык-Көл облусунун түштүк жээгинде, Караколдон 80 чакырым алыстыкта жайгашкан. Капчыгай шаркыратмалары менен таанымал. Алардын арасында эң белгилүүсү — Илбирстин көз жашы.
Мындан сырткары, Аксакалдын сакалы, Шампандын бүркүндүлөрү жана Манастын чөйчөгү аталышындагы шаркыратмалар бар. Бул жерлерден айланадагы бийик жана кооз тоолорго көз чаптырса болот.
Семенов капчыгайы — Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде орун алып, Чолпон-Ата курортунан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ысык-Көлдөгү эң кооз жерлердин бири болуп саналат. Капчыгайдан Ак-Суу дарыясы агып өтөт. Боорунда Тянь-Шань карагайлары өсөт.
Жайкысын бул жерде боз үйлөр тигилип, каалоочулар кымыз жана бешбармак сыяктуу улуттук тамак-аштарды даамдай алышат. Активдүү эс алуучуларга ат менен сейилдөө да уюштурулган.
Григорьев капчыгайы — Чолпон-Ата шаарынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ысык-Көлдөгү эң кооз жерлердин бири болуп саналат. Жергиликтүү тургундар аны Чоң-Ак-Суу деп да аташат. Капчыгайда бийик чокулуу тоо жок, ошондуктан боз үй тигүүгө өтө ыңгайлуу.
Григорьев капчыгайында кызгалдак гүлү көп өскөндүктөн, кызыл гүл каптаган жерлер көздүн жоосун алат. Капчыгай деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте орун алган. Анда Кум-Бел (4200 метр) менен Эшен-Булак (4647 метр) деп аталган ак кардуу чокулар бар.
«Рух Ордо» этнокомплекси — Ч.Айтматов атындагы музей Чолпон-Ата шаарында орун алган. «Рух Ордо» — бул Ысык-Көл жана дүйнөдөгү диндер тууралуу тарыхый маалыматтарга, уламыштарга, мифтерге бай руханий-маданий борбор болуп саналат.
Музейдин уникалдуулугу дүйнөдөгү негизги 5 диндин бир жерде чагылдырылышында. Музейде 5 чакан чиркөө бар, алардын сырткы көрүнүшү бирдей болгону менен ичинде православ, католик, ислам, буддизм жана иудаизм диндеринин ар бирине мүнөздүү болгон символдор бар.
Ыйык-Троицк православ чиркөөсү — Каракол шаарында орун алган. Чиркөө шаардагы эң кооз архитектуралык курулуштардын бири болуп саналат.
Бул тарыхый чүркөө бир нече байыркы иконалардын сакталып калышы менен кызыктуу жана аны көрүүгө келген туристтердин саны дагы арбын.
Дунган мечити — Каракол шаарында орун алган. Мечит кытай архитектурасынын стилинде Цин империясынын убагында салынган. Анын уникалдуулугу бир дагы мык кагылбай курулгандыгында. Мечит жергиликтүү мусулман дунган элинин каражатына тургузулган.
Мечиттин сырдалган ар бир боёгу өзүнчө маанини берет. Мисалы, кызыл түс — жамандыктан сактайт, сары түс — үйгө байлык, жакшылык алып келет, жашыл түс — бактылуулукту тартуулайт. Мечиттин үстүндөгү чатыр 3 түрдүүчө жабылган. Бурчтары кошулган фронтондору түштүккө карай багытталган.
Бугу-Эне зоопаркы — Кыргызстандагы жалгыз зоопарк Каракол шаарында жайгашкан. Учурда бул зоопаркта 34 түрдөгү 150гө жакын жаныбар бар. Алардын ичинен жетөө Кызыл китепке кирген.
Зоопарктан төө, лама, топоз, декоративдик улак, лань, сүлөөсүн, павлин, ак куу, аюу, маймыл, көгүчкөн, декоративдик тоок, бөрү, бөлтүрүк, пони жана башка кызыктуу жаныбарларды көрүүгө болот. Жакында эле Догестандан Симба аттуу арстан да алынып келген.