Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 22.07.2016 11:10

Ысык-Көл РИИБди Улан Асанбаев жетектейт

Turmush -  Улан Асанбаев Ысык-Көл РИИБдин башчысы болуп дайындалды. Turmush басылмасына маалымдалгандай, тиешелүү буйрукка ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кол койду.

У.Асанбаев

А 1

У.Асанбаев буга чейин Каракол ШИИБдин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары болуп иштеп жаткан. Ага чейин Түп жана Ысык-Көл РИИБдердин жетекчилеринин орун басары болгон.

Ички иштер министрлигинин 15-июлдагы коллегиясынын жыйынтыгы менен аймактардагы бир катар жетекчилер кызматынан бошотулган.

Алар:

- Чүйдөгү Сокулук РИИБдин жетекчиси А.Токтомамбетов;

- Нарындагы Кочкор РИИБдин жетекчиси К.Абдылдаев;

- Ысык-Көл РИИБдин жетекчиси Т.Нуралиев;

- Ысык-Көл ОИИБдин жетекчисинин орун басары М.Абдрахманов;

- ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча башчысы Т.Мамбетакунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×