Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 26.07.2016 14:13

Айыл турмушу: Ысык-Көлдөгү сүрөтчү Хусейин карикатураларды 15 мүнөттө тартат (фото)

Turmush -  Тажрыйбалуу сүрөтчү Хусейин көп жылдардан бери Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуучулардын портреттерин тартып берет. Аймактык кабарчы сүрөтчү менен таанышты.

Анын айтымында, айрым сүрөттөрүн Европа өлкөлөрүнө да алып кетишет. Фотоаппаратка тартылган сүрөт менен колго тартылган сүрөттүн таасирлери башкача болот, дейт ал.

«Азыр сүрөттөрдү интернетке киргизүү үчүн эле тартып калышты. Мен өмүр бою сакталып калышы үчүн тартам. Сүрөттөрдү көбүнчө келген туристтер тарттырышат. Алар сүрөттөр Ысык-Көлдөн эстелик болоорун айтышат. Менин Европада, КМШ мамлекеттеринде кардарларым бар.

Сүрөт тартканда эргүү табам. Ишим өзүмө жагат. Ошондой эле, киреше табам», - деди ал.

Сүрөтчүнүн 15 мүнөттө даяр болуучу карикатураларына буюртма бергендер көп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×