Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 26.08.2016 11:53

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Т.Айткулуев 30 жыл мурун чыккан «Москвичтин» тетиктеринен өзгөчө унаа жасады (фото)

Turmush -  Ысык-Көлдүн 47 жаштагы тургуну сүрөтүн китептен көрүп жасап чыккан унааны 5 миң долларга баалады.

Төлөгөн Айткулуев 1969-жылы Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында төрөлгөн. Шаан-шөөкөттөр үчүн өзгөчө кылып жасап чыккан унаага «Москвичтин» тетиктерин колдонгон. Анын бул эмгеги менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бул унаа 1986-жылы чыккан "Москвич" үлгүсүндөгү автоунаадан куралды. 6 айга жакын убакытта жасап бүттүм. Кеткен каражат жалпысынан 90 миң сомду түздү. Башында тоодо жүрүүчү унаа жасайлы дегенбиз. Кайра ойлонуп, пансионаттын ичинде такси кызматын көрсөткөн унаа жасайлы деген идеяга токтодук.

Жасоо ыкмасын китептеги сүрөт аркылуу иштеп чыктым. Үйдө илгерки автоунаалар тууралуу жазылган китептен "Форд" үлгүсүндөгү унаанын көчүрмөсүн колдондум» - дейт ал.

Учурда 5 миң долларга бааланып жаткан унаа тойлорго, ар кандай кечелерде кызмат көрсөтүүгө даяр.

Т.Айткулуев 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×