Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.09.2016 09:25

Көчмөндөр оюндары: Токтогулдуктар семетейчи Сейдене апаны даңазалап боз үй тигишти (фото)

Turmush -  Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосуна токтогулдуктар белгилүү семетейчи Сейдене Молдоке кызынын буюмдары коюлган боз үй тигишти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Боз үйгө анын колунан жасалган буюмдарды, сүрөттөрүн илишкен. Боз үйгө келген конокторго семетейчи апа тууралуу маалымат берилүүдө.

Токтогулдуктар буга катар эле кыргыздын тушоо кесүү тоюн өткөрүштү. Бул тойдо 23 жаштагы Мусурманкул кызы Аселдин 1,5 жаштагы уулу Даниел Элемановдун тушоосу кесилди. Анда жаш балдар да, кыз-келиндер да чуркашты.

«Көчмөндөр оюндарында сенин балаңдын тушоосун кесебиз дешти. Аябай сүйүндүк. Ушундай чоң маараке өтүп жаткан жерде биздин балабыздын тушоосу кесилди», - деди баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×