Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 08.09.2016 16:43

Кырчын жайлоосунда 900 адам таштандыларды тазалады (фото)

Turmush -  Кырчын жайлоосунда «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасы жабылгандан кийин жалпы облустук ишембилик өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чарага Ысык-Көл облусунун муниципалдык жумушчулары жана ыктыярчылар катышты.

«Оюндардан кийинки тазалыкты камсыздоо жоопкерчилигин өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү өзүнө алды. 900дөн ашык адам иштеп жатат. Курулган конструкциялардыy баары ордунда калат. Алар Семенов айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилет», - деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×