Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 12.09.2016 11:27

Ысык-Көлдө айтылуу болуш Молтой Касым уулунун 160 жылдыгы белгиледи (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунда Үркүндүн 100 жылдыгына карата 19 кылымда жашап өткөн инсан айтылуу болуш Молтой Касым уулунун 160 жылдыгы белгиленди, деп билдирди Turmush баслымасынын кабарчысы.

Иш-чара Темир айылындагы эс алуу жайында өтүп, ага айыл аксакалдары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана ЖК депутаты М.Сабиров катышты.

Алгач курман болгондорго арналып куран окутулуп, андан соң Молтой акенин урпактары атасынын эл үчүн жасаган эмгектерин айтып беришти.

Молтой атанын байбичелери Уулча жана Чачыкей болгон. Анын 200дөй урпагы бар. Болуштун урпактары ак өргөлөрдү көтөрүшүп, атасына жана Үркүндө каза болгон адамдарга куран окутушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×