Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 13.09.2016 16:14

Тарых инсаны: 91 жаштагы Искакбай ата Сталиндик репрессияда атасы менен кошо сүргүнгө кеткен (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун 91 жаштагы тургуну Искакбай Исабеков аксакал атасы кулакка тартылганда Украинага кошо кеткен. Аймактык кабарчы репрессиянын азабын тарткан аксакал менен таанышты.

Анын айтымында, атасы репрессияланган учурда жаш бала болгон.

«Ал кезде мен кичинекей бала экенмин. Биздин Темир айылынан биз үй-бүлөбүз менен, дагы 2 атанын балдары Украинага бардык. Атам бизге "жер котордук балам" деп койду. Биз барган жер Кара деңиздин жээгиндеги Одесская облусунун Сколовский районундагы кыштак экен. Кыйын күндөрдү көрдүк, ачка калдык. Биз менен бирге барган 500 кыргыз Чалбас айылында чогулуп кыргыз айылы болуп жашадык.

1933-жылы кыргыз мектебин түптөштү. Бизге ошондо кыргызча сабак берген Шүкүраалы, Бакас агайлар эле. Окуу куралдары Бишкектен алынып келчү. Ата-энебиз мал багып Чалбас кыштагында туруктуу жашап калган маалда 1938-жылы 10-июнда Сталиндин буйругу менен атам «бай» деген жалган жалаа менен атууга кетип, ошол бойдон атамды көргөн жокмун. Биз 1940-жылы кыргыз элине 1 ай дегенде жүк ташуучу унаа менен келдик. Кийин атам акталды», - деди Искакбай аксакал.

10 жашында Украинага репрессияланып, кийин кайтып келген Бекбоо ата каза болду (фото)

Тарых инсаны: Түптүк Бекбоо Абдылдаев бала кезинде атасы менен кошо Украинага репрессияланган (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×