Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 19.09.2016 09:07

Элдик уламыш: Ысык-Көлдөгү Жаркынбаев айылы мурда Таштак деп аталган (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылы мурда Таштак айылы деп аталган. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы айылдын таржымалын тактады.

Элеттеги аксакалдардын айтымында, аймактын жери таштак болгондон улам Таштак деп аталып калган. 1930-жылдары айылга ушул айылда төрөлгөн мамлекеттик ишмер Жусуп Абдырахмановдун ысымы ыйгарылган. Ал эми, 1941-жылы СССРдин баатыры Казак Жаркынбаевдин ысымы ыйгарылып, азыр Ж.Абдырахманов айыл өкмөтүнө караштуу Жаркынбаев айылы деп аталып келет.

Айыл эли чиркей уруусунан болот. Азыр Ж.Абдырахманов айыл өкмөтүндөгү Жаркынбаев жана Кароол-Дөбө айылдарында чиркей уруусунун өкүлдөрү жашайт.

Айылдан КРнын эл акыны Э.Турсунов чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×