Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 19.09.2016 10:17

Украинада төрөлгөн Д.Акматов согуштан кийин Ысык-Көлгө келүү үчүн поездде бир ай жүргөн (фото)

Turmush -  Украинанын Чалбас айылында туулган Дакен Акматов эс тартканда кыргыз жерине келген.

Дакен Акматов 1

87 жаштагы Д.Акматов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, учурда Ысык-Көл районунун Темир айылында жашайт. Украинанын Чалбас айылында төрөлүп, Чалбас кыргыз мектебин окуп, балачагы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келгендигин эскерет.

«Мен сыртта балдар менен ойноп жүргөндө апамдын катуу үнү чыкты. «Апа, эмне болду?» десем, «Уулум согуш башталды, кайда жүрөсүң?» деди. Бир маалда асмандан үч учак көрдүк, үчөө кармашып, бири жерге кулап түштү. Көрсө ал немистер менен орустардын учагы экен. Ошондон тартып бизде оор күндөр башталды. Колго түшүп, немистердин колунда 4 жыл турдук.

Дакен Акматов 2

Атам болуп барыбыз иштедик, ачка калган күндөр өттү. Көп адамдар мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Атам 1938-жылы Сталиндин буйругу менен өлтүрүлгөн. Ошентип мен ал жактан атамды, апамды жоготтум. Ата-энеси жок көптөгөн балдар кыйноого алынды. Биз 1930-жылдары кулакка тартылганбыз.

Жеңиш үнүн уккан соң кыргыз жерине келдик. Мен Украинада төрөлсөм да апамдан «биз качан кетебиз?» деп сурай берчүмүн. Кийин согуш бүтүп, жеңишке жеткенден кийин жүк ташыган поездге отуруп, бир ай дегенде Балыкчыга жетип, андан бери Темир айылына жөө келдик», - дейт Дакен ата.

Айылга келгенден кийин Д.Акматов билим берүү тармагында эмгектенген. Учурда анын 4 уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×