Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 19.09.2016 10:37

Караколдо 4 жыл мурун оңдолгон жолдор кайра талкаланууда, - депутаттар

Turmush -  Каракол шаарында акыркы 4 жыл ичинде оңдолгон Жамансариев, Элебаев, Карасаев, Кутманалиев, Исаев көчөлөрү бузула баштады. Бул тууралуу Каракол шаардык кеңешинин депутаттары жолдор менен таанышкан учурда белгилүү болду.

Депутат Сейит Өскөнбаевдин айтымында, акыркы жылдары жасалган жолдордун ичинен 2 жол гана муниципалдык баланска алынды. Калганы сапаты туура келбегендиктен баланска алына элек.

«Жакында эле оңдолгон Карасаев, Жамансариев көчөлөрү бузулуп, асфальттардан жарака кетип баштады. Ал эми Элебаев көчөсү аңгыл-дөңгүл болуп калды. Ошондуктан башынан сапаттуу жасаш керек», - дешет депутаттар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×