Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 19.09.2016 12:08

Караколдогу окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча сабактар өтүлүп жатат (фото)

Turmush -  Караколдогу мектептердин окуучуларына Патрулдук милициянын кызматкерлери жолдо жүрүүнүн эрежелерин түшүндүрүп беришти.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, жаңы окуу жылында Ысык-Көл облусу боюнча өспүрүмдөр катышкан 10 жол кырсыгы катталган. Окуучулар ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алып, ооруканада дарыланып чыгышты.

Учурда шаар боюнча Патрулдук милициянын 4 бригадасы мектептерди кыдырып, окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча сабактарды өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×