Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 19.09.2016 13:55

Караколдо жаңы типтеги аялдамалар курулат

Turmush -  Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда аялдама курулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Каракол шаардык кеңешинин маалыматына караганда, шаар ичинде бул өӊдүү 60тан ашык жаӊы типтеги аялдамалар курулат. Алар «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында салынып жатат.

Ошондой эле, аялдамаларга маршруттук каттамдардын багыты, жүрүү убактысы тууралуу маалыматтарды илүү жана видеокамераларды орнотуу пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×