Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 20.09.2016 13:14

Балыкчы—Тамчы—Корумду унаа жолунун курулушу кайра башталды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда ушул жылдын 10-сентябрынан тартып Балыкчы—Тамчы—Корумду унаа жолунун курулушу кайра башталды. Курулушчулар маалымдашкандай, Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө байланыштуу курулуш иштери убактылуу токтотулган.

Учурда асфальт төшөө үчүн жолдун Сары-Ой айылы менен Чолпон-Ата шаарынын ортосундагы тилкеси даярдалууда. Ал жердеги эски асфальтты алуу иштери жүрүп жатат.

Көчмөндөр оюндары башталганга чейин жолчулар Тамчы айылынан Сары-Ой айылына чейинки жолдун бир катмарын асфальтташкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×