Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 22.09.2016 19:06

Айыл турмушу: Караколдо кыргызча обон созгон милиционер Евгенийди достору Жаныбек деп аташат (фото)

Turmush -  Каракол шаардык күзөт кызматынын 30 жаштагы прапорщиги Евгений Кутюков улуту орус болсо да кыргызча так сүйлөп, кыргыз ырларын аткара алат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн пикиринде, Кыргызстанда жашаган ар бир адам кыргыз тилин билиши керек. Бирге иштеген жолдоштору аны кыргызча Жаныбек деп атап алышкан.

Аткарган ырларынын ичинен Бек Борбиевдин «Кыргызстан» ыры көпчүлүктүн купулуна толот. Бул ыр менен ал ар кандай иш-чараларга катышып, дипломдорго ээ болгон.

Евгений-Жаныбек 1 уул, 1 кыздын атасы. Азыр балдарына да кыргыз тилин үйрөтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×