Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 29.09.2016 13:02

Караколдун актерлору Ошто өтүүчү фестивалга катышат

Turmush -  Каракол шаарындагы Касымаалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрынын жамааты Ош шаарында өтүүчү фестивалга Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» спектаклин даярдап жатат. Бул тууралуу аталган театрдын көркөм жетекчиси Орунгүл Кожомкулова билдирди.

О.Кожомкулованын айтымында, Тарых жана маданият жылына карата уюштурулган фестиваль 6- октябрь күнү Ош шаарында өтөт.

«Учурда кызуу даярданып жатабыз. «Манастын уулу Семетей» спектаклинде 37 адам ойнойт. Анын 17си негизги каармандар. Спекталдин узактыгы 1 саат 50 мүнөт. Жеңишке жетебиз деген ишеним чоң», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×