Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 30.09.2016 18:06

Ысык-Көлдө жашаган 100 жаштагы А.Шаршееваны Карылар күнү менен куттукташты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 30-сентябрда Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынын 100 жаштагы тургуну Айчүрөк Шаршееваны жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү Карылар күнү менен куттукташты, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Рита Борбукеева жана райондун акими Данир Иманалиев А.Шаршееванын үйүндө болуп, ага акчалай жардам жана азык-түлүк тапшырды.

Бир кылым жашаган А.Шаршеева өмүрүн колхоздо жөнөкөй жумушчу болуп иштөөгө арнаган. Учурда анын ден соолугу жакшы. 80ге жакын небере-чөбүрөлүү болгон А.Шаршеева майрамдык маанай тартуулаган жетекчилерге ыраазычылык билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×