Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.10.2016 10:59

«Кара-Сай» чек ара тозотуна көпүрө курулду (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы «Кара-Сай» чек ара тозотуна көпүрө курулду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Руслан Закиров билдирди.

Анын айтымында, көпүрө «Кара-Сай» чек ара тозотунан жогору жактагы Кичи-Үзөңгү-Кууш суусуна курулду. Көпүрөнүн узундугу 27 метрди, туурасы 4 метрди түзөт. Андан салмагы 25 тонналык жүк ташуучу унаалар да өтө алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×