Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.10.2016 15:36

Ысык-Көл районунда 60 жыл бирге жашап, 12 баланы тарбиялаган жубайларды куттукташты

Turmush -  Ысык-Көл облусунун бардык райондорунда жана шаарларында Карылар күнү белгиленди, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ысык-Көл районунун Кожояр айылында 60 жыл бирге жашаган жубайлар бар. Мукаш Турдалиев менен Мая Турдалиева эмгектин баатырлары жана 12 баланы татыктуу тарбиялашты.

«Жубайлар бирге 60 жыл жашашкан. Алар биз үчүн жана азыркы жаштарга алар үлгү боло алышат. Биз аларды бул мааракеси жана Карылар күнү менен куттуктап, баалуу белектер жана акчалай колдоо көрсөттүк», - деп билдиришти райондук администрациядан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×