Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.10.2016 17:55

Ысык-Көлдүн Семеновка айылында 8-класстын окуучусу өгөй атасынын үйүндө асынып каза болду

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Семеновка айылында 8-класстын окуучусу өз жанын кыйды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, 2002-жылы туулган А. уулу Э. асынып каза болгон. Буга чейин ал Балыкчы шаарында жашачу. 2 жыл мурун апасы А.Чынара Семеновка айылынын Н.Д. аттуу тургунуна турмушка чыгып, баласы менен жолдошунун айылына көчүп келген.

Өз жанын кыйган бала 8-класста окуп жаткан. Мугалимдери анын үлгүлүү окуучу болгонун айтууда.

Өспүрүмдү акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 3-октябрда Балыкчы шаарында өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×