Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 14.10.2016 08:58

Ысык-көлдүк аял унаасы менен жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетти (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы жол транспорт кырсыгынан жөө жүргүнчүлөр жаракат алды. Turmush басылмасынын кабарчысына Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 13-октябрда саат 12:25те РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Балыкчы—Каракол жолунун 79,5-чакырымында авария катталгандыгы тууралуу маалымдалган. Окуя болгон жерге жеткен милиция кызматкерлери «Хонда Стрим» (мамлекеттик номуру B 0610 AZ) унаасын Корумду айылынын 1956-жылы туулган тургуну Б.Калматова башкарып баратканын тактаган. Аталган унаа Бишкек шаарына чыккан.

7
Айдоочунун айтымында, жолдон жөө жүргүнчүлөрдү байкабай калган.

Жөө жүргүнчүлөрдүн жолунан:
- Бостери айылынын 1976-жылы туулган тургуну Асел Оторбаева;
- Бостери айылынын 1983-жылы туулган тургуну Динара Кайкиев;
- Бостери айылынын 2009-жылы туулган тургуну Нурислам Кайкиев өтүп бараткан.

8

Жабырлануучулар Ысык-Көл райондук ооруканасына жеткирилген. Д.Кайкиева хирургия бөлүмүнө жаткырылып, А.Оторбаева менен Н.Кайкиев дарыгерлердин кароосунан өткөндөн кийин үйүнө жөнөтүлдү.

Аталган кырсык учурунда тартылган сүрөттөр окурмандар тарабынан «АКИпресс-Репортерго» жөнөтүлгөн.

4

7

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×