Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 15.10.2016 10:51

Ысык-Көлдө 5 чакырым кɵл жээги тазаланып, 3 тонна таштанды чыгарылды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районундагы Кумбел айыл аймагындагы эс алуу жайынан баштап күн чыгышты кɵздɵй кɵл жээгиндеги таштандылар тазаланып, көл жээгинен 3 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Ысык-Кɵл аймактар аралык облустук башкармалыгынын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Кɵл району боюнча бɵлүмүнүн демилгеси менен уюштурулуп, 5 чакырым кɵл жээги тазаланды. Ага Темир, Кумбел айыл аймактарынын тургундары активдүү катышты.

Иш-чара Ысык-Көл районунун аймагын жашылдандыруу, кɵрктɵндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча бир айлык акциясынын алкагында уюшулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×