Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 19.10.2016 12:51

Ысык-Көлдө жайкы эс алуу сезонунда туристтерди скутер менен сүзүү фактылары катталды

Turmush -  Ысык-Көл облусунда быйылкы жайкы эс алуу мезгилинде сууда жүрүүчү унаалар менен эс алуучуларды сүзүп кетүү фактылары орун алган. Бул тууралуу райондук прокуратурадан маалымдашты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 24-июлунда пансионаттардын биринде Казакстандын жараны мас абалында Ош облусунун тургунун сүзүп, ал денесинен жаракат алган. Бирок, жабырлануучу арыз жазуудан баш тарткан. Ал эми РИИБ жабырлануучунун арызы жок болгондуктан кылмыш ишин козгогон эмес.

Алмата шаарынан эки эс алуучу Бостери айылынын милициясына арыз менен кайрылган.
Арызда жазылгандай, 26-августта белгисиз адамдар айымдар отурган катамаранды скутер менен сүзүп кетишкен. Анын кесепетинен С.А. аттуу аял ооруканага жаткырылган. Ал боюнча РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

Мындан тышкары, Бостеридеги пансионаттардын биринде 10-июлда К.А. аттуу эс алуучу сууда жасалган жылгаяктан түшүп жатканда жээкте туура эмес токтотулган кайыкка урунган. Эс алуучу денесинен жеңил жаракат алып, прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Материалдар РИИБдин тергөө бөлүмүнө жөнөтүлгөн.

«Жогорудагы фактылар эс алуучулардын коопсуздук чараларын сактоону, мас абалында сууда жүрүүчү унааларды айдоодон алыс болуу керектигин дагы бир ирет далилдейт. Жайкы эс алуу мезгилинде туристтер аларга коркунуч келбеген эс алуу жайларына барууну туура көрөт. Ал эми туристтердин өлкөбүзгө көп келүүсү экономиканын өнүгүшүнө шарт түзөт», - деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуучу аялды скутер менен сүзгөн казакстандык жаран бошотулду (фото, толугу менен)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×