Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 19.10.2016 13:29

Ысык-Көлдүн экономикасын өнүктүрүү үчүн россиялык долбоорду ишке ашыруу каралууда

Turmush -  Ысык-Көл облусунун экономикасын өнүктүрүү максатында Россиянын ишкерлери сунуштаган ЮНИДО долбоорун ишке ашыруу каралууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, аталган долбоордун өкүлдөрү өкүлчүлүктүн, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жетекчилиги менен жолугушуп, аймактагы экономиканы өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү маселелерин карашты.

Россиялык ишкерлердин айтымында, ЮНИДО долбоорунун алкагында агроиндустрия, жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүгө, инфраструктураларды жакшыртууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Долбоор 3 жылга пландалып, бюджети 2 миллион долларды түзөт.

«Долбоордун дагы бир багыты Ысык-Көлдүн аймагындагы эс алуу жайлары үчүн азык-түлүктү жергиликтүү фермерлерден жана кайра иштетүүчүлөрдөн сатып алууну шарттоо. Жергиликтүү айыл чарба продукциясын өнүктүрүүчүлөр ЮНИДО долбооруна кайрылып, грант алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», - деп билдиришти Кыргызстандагы ЮНИДО бюросунун жетекчилиги.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×