Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 27.10.2016 13:26

Ысык-Көл районунда жайкы сезондо 43 жол кырсыгы катталып, 12 адам каза болгон

Turmush -  Ысык-Көл районунда жайкы туристтик мезгилде 43 жол кырсыгы катталып, 12 адам каза болду. Бул тууралуу райондук прокуратурадан маалымдашты.

Маалыматка караганда, жол кырсыктары көбүнчө спирт ичимдигин ичип алып, унаа башкарган учурларда катталган.

Жол кырсыгындагы 2 факты боюнча кылмыш иши козголгон, калган учурлар боюнча кылмыш иши козголгон эмес. Ага жабыр тартуучулардын арызын кайра алганы себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×