Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 28.10.2016 09:28

Ысык-Көлдө 19 жаштагы кызды бычактап кетишти

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында 19 жаштагы кызды бычактап кетишти.

Turmush басылмасына белгилүү болгондой, кечээ, 27-октябрда райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 20-25 жаштар чамасындагы кыздын өлүк денеси табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген РИИБдин кызматкерлери жолдон Ысык-Көл районунда 1997-жылы туулган А.А. аттуу кыздын жансыз денесин табышкан.

Денесин кароо учурунда ал башынан жана бетинен бычактан жараат алгандыгы аныкталган. Окуя болгон жерде далил буюм катары бычак дагы табылган.

Кыздын денеси Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы бонча анын жүрөк тарабына 11 жолу бычак сайылгандыгы аныкталган.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаранды кармоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×