Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 28.10.2016 14:03

Ысык-Көлдө 19 жаштагы кызды бычактап өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Turmush -  Ысык-Көл районунда 19 жаштагы кызды бычактап өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, оперативдүү издөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү делип Ош облусунун Кара-Суу районунун 1992-жылы туулган Э.К. аттуу тургуну кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ошондой эле, кармалган жаран 2013-жылы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси боюнча соттолуп, 2 жылга эркинен ажыратылганы аныкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×