Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 31.10.2016 12:31

Ысык-Көлдө сүйлөшкөн кызы болууга каршы чыккан 19 жаштагы кызды жигит 11 жолу бычактаган (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунда 19 жаштагы кызга болжол менен 24 жаштагы жигит 11 жолу бычак сайгандыгы белгилүү болду.

Turmush басылмасына белгилүү болгондой, А. кызы А. бычак сайган жигит менен жолугушуу учурунда анын сүйлөшкөн кызы болууга каршы болгон. Кээ бир маалыматтарга караганда, кыз Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайды аяктап, айылдагы мектепке мугалим болуп иштөө үчүн келген.

Белгилүү болгондой, А.А.нын классында шектүүнүн карындашы окучу.

Өлтүрүлгөн кыз

11

Буга чейин маалымдалгандай, 27-октябрда райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 20-25 жаштар чамасындагы кыздын өлүк денеси табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген РИИБдин кызматкерлери жолдон Ысык-Көл районунда 1997-жылы туулган А.А. аттуу кыздын жансыз денесин табышкан.

Денесин кароо учурунда ал башынан жана бетинен бычактан жараат алгандыгы аныкталган. Окуя болгон жерде далил буюм катары бычак дагы табылган.

Кыздын денеси Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы бонча анын жүрөк тарабына 11 жолу бычак сайылгандыгы аныкталган.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда ыкчам тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×