Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 01.11.2016 12:24

Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери кыргыз милициясынын 92 жылдыгын белгиледи (фото)

Turmush -  Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү кыргыз милициясынын 92 жылдык мааракесин салтанаттуу белгиледи, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Майрамдык салтанатта кылмыштуулуктун бетин ачууга, анын алдын алууга салым кошкон кызматкерлер ИИМдин, облустук ички иштер башкармалыгынын бир катар сыйлыктары жана Ысык-Көл райондук администрациясынын, Чолпон-Ата шаардык мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө 100дөн ашык кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×