Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 09.11.2016 10:35

Ысык-Көлдүн Григорьевка айылында жогорку кубаттуулуктагы трансформатор өрттөндү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында жогорку кубаттуулуктагы трансформатор өрттөндү. Бул тууралуу райондук өрткө каршы кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат саат 09:23тө келип түшкөн. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөрдүн тобу барган.

«Кубаттуулугу 110 кВт болгон трансформатор күйүп, аны өчүрүүгө 3 техника жана 18 өрт өчүрүүчүлөр тартылган. Өрт толугу менен саат 11:40та өчүрүлгөн», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×