Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 14.11.2016 11:59

Ысык-Көл өрөөнүндө акыркы бугу 44 жыл мурун атылып жок кылынган, - эксперт

Turmush -  Жапайы жаратылыш фондунун Кыргызстандагы мүчөсү, биотүрдүүлүк боюнча эксперт Азат Аламановдун айтымында, Ысык-Көл өрөөнүндө акыркы бугу 44 жыл мурун атылып жок кылынган.
10768281
Анын айтымында, Тескей Ала-Тоосунда жалгыз калган карыган бугу 1972-жылы мергенчилер тарабынан атылган. Аны менен Ысык-Көл аймагында байырлаган марал тукум курут болгон.

«Ошол 1972-жылдары атылган бугунун башы учурда Ак-Суу районунун Алтын-Арашан зоологиялык музейинде сакталып турат. Бугу, маралдар Кыргызстандагы жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбар» , - деди А.Аламанов.

12743_900

1405427041_o5

А.Аламанов

IMG_4754

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×