Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 17.11.2016 09:53

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Г.Казакунова майып адамдарды акысыз ташыган такси кызматын уюштурду (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылынын 40 жаштагы тургуну Гүлмира Казакунова мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык такси кызматын уюштурган. Turmush басылмасынын кабарчысы Г.Казакунованын ишине күбө болуп келди.

Ал айылдагы орто мектепти аяктагандан кийин 1976-жылдан 1984-жылга чейин Кыргыз медициналык окуу жайында билим алган.

Г.Казакунова 1978-жылы кырсыкка кабылып, ошол убакыттан бери майып арабага отуруп калган. Эмгек жолун 1989-жылы борбордогу балдар ооруканасында дарыгер болуп баштаган.

Кийин 2004-жылы «Теңдик» мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бирикмесин түзгөн. Алгач уюшулганда бирикмеге 11 адам мүчө болсо, кийин алардын катары көбөйүп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды, адамдарды коомго аралаштырып, алар үчүн тийиштүү шарттарды түзгөн. 2010-жылы «Гарант» деп аталган социалдык такси кызматын уюштурган.

Азыр ал «Альфа» деп аталып, мүмкүнчүлүгү чектеген 10 адамды акысыз ташып келсе, 300 тургунга заман талабына ылайык техникалык шарттары менен тейлөө көрсөтүшөт. Мында 50 айдоочу иш менен камсыз болгон. «Теңдик» бирикмеси мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоо, аларга жардам берүү багытында иш жүргүзүп келет.

Г.Казакунованын 3 баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×