Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 22.11.2016 11:27

Ысык-Көлдө унаалар сүзүшүп, айдоочулардын бири каза болду

Turmush -  Ысык-Көл районундагы Бостери айылында эки унаа сүзүшүп, айдоочулардын бири каза болду. ӨКМ билдиргендей, кечээ, 21-ноябрда Чолпон-Ата—Каракол унаа жолунда «Лексус-470» менен «Форд» үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Анын кесепетинен экинчи унаанын айдоочусу — 65 жаштагы эркек адам ошол жерде каза болгон.

«Лексус-470» үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан 40 жаштагы эркек киши жаракат алып, Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилди.

Учурда кагылышуунун себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×