Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 22.11.2016 14:52

Айыл турмушу: 26 жаштагы ысык-көлдүк Ү.Чумаев кайырмак менен чоң салмактагы балыктарды кармайт (фото)

Turmush -  Ысык-Көлдөгү Сары-Камыш айылынын 26 жаштагы тургуну Үсөн Чумаев бала кезинен бери кайырмак менен балык кармайт. Анын айтымында, кайырмак салган ар бир адам эле балык кармай албайт. Бул иштин дагы өзүнүн сыры болот.

«Кайырмакка чоң балык түшкөндө аябай толкунданган сезимдер болот. Мындан 2-3 жыл мурун 27 кг салмактагы судак балыгын, 28 кг карп, сазан балыктарын кармагам. 2016-жылы жазында сайдан 5 кг маринка, көлдөн 15 кг болгон радужный форель, 7 кг салмактагы ласось балыгын кармадым», - дейт балыкчы.

Балык кармоо хоббиси экенин белгилеп, бир учурда айылдагы балдар менен балык өстүргөнүн кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×