Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 22.11.2016 17:23

Ысык-Көлдүн эки районунда бир айда 12 карышкыр атылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун эки районунда ноябрь айынан бери 12 карышкыр атылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу департаментинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары У.Дөкөнбаев билдирди.

«Ушул жылдын 1-ноябрынан тарта Тоң районунда 7 карышкыр, Жети-Өгүз районунда 5 карышкыр жана эки чөө атылган. Облустун калктуу конуштарында биздин адистер түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Кыштын аягына чейин облустун бардык райондорунда карышкыр атуу иштери уланат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×