Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 02.12.2016 11:45

Ысык-Көлдөгү Сары-Ой айылынын эли жайлоого кетүүчү жол салды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылынын тургундары Карагай-Булак жайлоосуна кетүүчү 15 чакырым жолду толугу менен жасап бүттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Аталган жайлоого буга чейин унаа бара алчу эмес. Айыл тургундары демилге көтөрүшүп, Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтү тарабынан жолду жасоого 150 миң сом бөлүнүп берилген. Жетпей калган чыгымдарды айылдыктар өздөрү чогултушуп, жол толугу менен жасалып, анын ачылышын салтанаттуу белгилешти.

Эми Сары-Ой айылынын жаштары Карагай-Булак жайлоосунда тоо туризмин өнүктүрүү багытында бир топ иштерди жасоону максат кылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×