Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 02.12.2016 13:23

Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында «Биз биргебиз» акциясы өттү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндө «Биз биргебиз» аталышындагы акция өтүп, ага район боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, 18 жашка чейинки өспүрүмдөр чакырылган, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Акциянын жүрүшүндө чакырылган балдарга атайын таттуулар салынган баштыктар жана акчалай жардамдар берилип, сый тамак уюштурулду. Мындан сырткары, концерттик программа даярдалып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын арасындагы таланттуулар ырдап-бийлеп беришти.

Ысык-Көл району боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген 2600 адам бар. Аларга 3-декабрь — Эл аралык майыптыр күнүндө жардамдар көрсөтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×