Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 30.01.2017 14:58

Ысык-көлдүктөр Ж.Абдрахмановдун ысымын бийик деңгээлге көтөрүүнүн жолдорун сунушташты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылынын тургундары тарыхый инсан Жусуп Абдрахмановдун ысымын бийик деңгээлге чыгаруу маселесин талкуулаган жыйын өткөрүштү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жыйында айыл тургундары Ж.Абдрахмановдун кыргыз эли үчүн жасаган иштерине токтолушуп, ага «Кыргыз эл баатыры» наамын берүүнү жана анын атындагы мамлекеттик сыйлыктарды уюштурууну, анын басып өткөн жолун даңктаган музей ачууну сунушташты. Бул боюнча кайрылууну президент А.Атамбаевге, өкмөткө, Жогорку Кеңешке жолдошту.

Ж.Абдрахмановдун айылдаштары анын кылган эмгеги дагы деле тиешелүү деңгээлде баалана элек деген ойлорун айтышып, биринчи кезекте Жаркынбаев айылында улуу инсандын музейин ачуу керектигин да баса белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×