Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.02.2017 12:01 На русском

Ысык-Көлдө «Лонг Хай» компаниясынын 150гө жакын кызматкери митингге чыкты (фото, видео)

Turmush -  Ысык-Көл районунда «Лонг Хай» компаниясынын кызматкерлери айлык маянанын жоктугунан улам митингге чыгышты.

Чогулгандардын айтымында, алар 3 айдан көп убакыттан бери маяна ала элек. Көтөрмөчү компания төлөмдөрдү өкмөт кечиктирип жатканын айтууда. Жумушчулар болсо өкмөткө эмес, аталган компанияга ишке орношконун айтышат.

Сары-Ой айылынын башчысы Абылбек Исмаилов, башында Канат Исаев турган депутаттык комиссиянын депутаттарын Балыкчы—Корумду унаа жолунун курулуш маселесине кийлигишпөөнү өтүнгөн.

«Алар 104 чакырым аралыктагы жолдун курулушун аягына чыгарсын. Депутаттар жана өкмөт мындай жүрүм-туруму менен адамдарды бунт чыгарууга азгырып жатышат. Эл дагы үн катпай койбойт да. Компания өкмөткө шылтаса, алар кайра компанияга шылтап жатышат», - деди ал.

 

Буга чейин маалымдалгандай, «Лонг-Хай» компаниясынын 100гө жакын кызматкерлери жумуш таштап жатканын билдиришкен. Алар 3 айдагы маяна төлөнмөйүнчө ишти баштабай турганын айтышкан.

«Биз суукка карабай иштеп жатабыз, бирок айлык маянабызды ала элекпиз. Буга байланыштуу тиешелүү органдардан аталган маселени чечип берүүнү өтүнөбүз», - деп кошумчалашты алар.

Балыкчы—Тамчы—Чолпон-Ата—Корумду унаа жолун реконструкциялоо долбоору боюнча башкы көтөрчөмү — «Лонг Хай» компаниясы.

Транспорт жана жолдор министрлигине шилтеме берүү менен Tazabek маалымдагандай, туруктуу инженер Балыкчы—Тамчы—Чолпон-Ата—Корумду унаа жолун реконструкциялоо долбоору боюнча көтөрмөчүнүн курулуш методун анализдеп чыккан.

Жыйынтыгында инженердин чыгарган корутундусу боюнча, көтөрмөчү компания 2017-жылы бардык ишти аткарып бүтө албайт. Керектүү техникалар менен толук камсыздалса 2017-жылы реконструкциялоонун 75%ы аякташы мүмкүн.

Министрликтин маалыматы боюнча, реконструкциялоо иши башталгандан тарта аткарылган иштин көлөмү 2017-жылдын 1-январына карата 1 млрд 459 млн 270,3 миң сомду түзгөн.

Өкмөттүн 2015-жылдын 13-октябрындагы токтомун аткаруу үчүн Жол чарба департаменти Балыкчы—Тамчы—Чолпон-Ата—Корумду унаа жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашырып жатат.

Долбоор тууралуу:

- Тилкенин узундугу — 104 чакырым;

- Сметанын жалпы баасы — 9 млрд 202,4 млн сом;

- Буюртмачы — Транспорт жана жолдор министрлигинин Жол чарба департаменти;

- Көтөрмөчү — «ЛонгХай» компаниясы;

- Келишимдин баасы —6 млрд 803,5 млн сом;

- Каржыланганы — 2015-жылы 180 млн сом, 2016-жылы – 1 млрд 410 млн 200 миң сом, жалпы —1 млрд 590 млн 200 миң сом;

- 2016-жылдын ноябрь айына карата аткарылган иштин көлөмү — 1 млрд 459 млн 270,3 миң сом.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Лонг Хай» компаниясын Сунь Чжэн Фу жетектейт. Компаниянын түзүүчүсү — жолдор жана көпүрөлөр корпорациясы «Лонг Хай».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×