Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.02.2017 16:51

Ысык-Көлдүн Тегиз-Бел өрөөнүнөн 2 кекилик, 1 коен аткан браконьерлер кармалды

Turmush -  Ысык-Көлдүн Тегиз-Бел өрөөнүнөн браконьерлер 2 кекилик, 1 коен аткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук аңчылык департаментинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы жана аңчылык департаменти жаратылышты коргоо жана браконьерчиликке каршы күрөшүү боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында рейдге чыгышты. Рейд учурунда мыйзамсыз аңчылык кылган жарандарды колго түшүрүштү.

Алар рейд учурунда Ысык-Көл аймагындагы Тегиз-Бел өрөөнүндө мыйзамсыз аңчылык жасап жүргөн жарандарды 3 мылтыгы менен 2 кекилик 1 коен атып алган жеринен кармашты. Аларга жеринде протокол түзүлүп, жаратылышка канчалык зыян келтиргенин аныктоо жана мыйзам чегинде жаза колдонуу чечимин чыгаруу үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×