Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 17.02.2017 13:09

Корумду айылында «Манас таануу» сынагы өттү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Корумду айылындагы мектепте райондогу 10 мектептин командаларынын ортосунда «Манас таануу» сынагы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чара «Манас» эпосун жайылтуу максатында уюштурулду. Командалар атайын алдын ала даярдалган жобого ылайык тапшырмаларды аткарышып, калыстар тобунун сынынан өтүштү. 10 команданын ичинен Темир айылынын Э.Керимгазиев жана Кашат айылынын К.Кудайбердиев орто мектептеринин окуучулары алдыңкы орундарга ээ болуп, кубок менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×