Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 24.04.2017 13:26

Ысык-көлдүк милиционерлер футбол боюнча мелдешке түштү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү 22-апрелде футбол боюнча турнир өткөрдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Турнир Баңгизатка каршы күрөшүү күнүнө жана иш учурунда курман болгон Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Каныбек Хасановды жана Айбек Тологоновду эскерүү максатында уюштурулду.

Турнирде ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери эки команда болуп таймашып, соңунда жеңүүчүлөргө курман болгондордун ысымы түшүрүлгөн кубок жана башка сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×