Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 19.07.2017 08:05

Айыл турмушу: 20 жаштагы Самат бүркүттөрү менен Ысык-Көлдүн жээгинде туристтерге шоу көрсөтөт (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынын 20 жаштагы тургуну Самат Анварбеков көлдүн жээгиндеги туристтерге бүркүттөрү менен шоу көрсөтөт. Ал 12 жашынан бери илбээсин куштарды багып келгендигин аймактык кабарчыга айтып берди.

Саматтын айтымында, куш багууга болгон кызыгуу жөн жерден пайда болгон жок. Анын атасы жапайы куштарды баккан аймактагы белгилүү бүркүтчүлөрдүн бири.

«Ата-бабаларыбыздын бүркүт багып калышы жөн жерден эмес. Бүркүтчүлүктүн пайда болушу тууралуу уламыштар айтылып келет. Алардын бирине токтолсок, куш бир атанын кичинекей баласын илип кеткенде, ал эч нерсе кыла албай калган экен. Бирок, бир нече убакыт өткөндөн кийин баласынын денесин тааптыр. Ошондо ал баласын илип кеткен кушту таап, өзүмө кызмат кылдырам деп сөз бериптир. Ошентип, ал бүркүттү таап, үйрөтүп алган экен. Ошол убактан бери ата-бабаларыбыз жырткыч куштарды багып калышкандыгы айтылып келет», - дейт Самат.

Ал куш таптаганды атасынан үйрөнгөн. Учурда куш багуунун бардык сырларын билет.

«Эгерде кушка ашыра тамак берип койсо, ал ээсинен башка жерге учуп кетиши мүмкүн. Эгерде тойгузбай бакса, уча албайт. Алар жырткыч болгону менен назик жана сезимтал болушат. Ээсинин орой мамилесин сезишет. Алар менен аңчылыкка чыгабыз, кыргоол жана түлкү кармайбыз. Аңчылык кылуунун өзү кызыктуу. Учурда менде бир бүркүт бар. Ал 5 жашта, аты Барчын. Дагы бир бүркүтүм бар, бирок ал адамдын колуна көнө элек. Аны дагы жакында таптап баштайм. Мындан тышкары бир шумкарым бар», - дейт жаш бүркүтчү Самат.

Бүркүттөрүнүн таланттарын Самат келген туристтерге көрсөтөт. Эс алуучулар дагы атайын келип, анын шоусун көрүүгө кызыгышат. Саматтын кесиби программист болгону менен бүркүтчүлүккө кызыгуусу күч экенин айтат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×