Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 15.09.2017 10:33

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Т.Абдыкадыров 2 бүркүт, 1 ителги таптап жатат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылынын 41 жаштагы тургуну Түгөлбай Абдыкадыров бүркүт багып, мүнүшкөрлүк менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда 2 бүркүтү жана 1 ителгиси бар.

«Мага мүнүшкөрлүк өнөр чоң аталарымдан өткөн окшойт. Себеби мен жашоомду алгыр куштарсыз элестете албайм. Бала кезимден бери куштарды таптап, багып келем. Бир бүркүтүмдүн аты Шер, 7 жашта. 14 медаль жана сыйлык баракчалардын ээси. Экинчи балапан бүркүттү уядан жаңы алып чыктым.

Ал эми, ителгимдин аты Ышкырык. Далба ойнотуу боюнча 4-сентябрда «Рух-Ордо» этно комплексинде болуп өткөн сынакта 1-орунду багындырып, «Алтын баш» статуясын жана 10 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болуп келдик. Биз оюнга түшкөнү барган жерде башкалар кызыгышып, сатуумду суранышат. Булар эч качан колго өтүп тапталбайт. Бир адамга өзү акырындык менен жакындап көнө баштайт. Эртең мененки жана кечки салкында сыртка алып чыгып байлап коём. Күн ысык маалда уяларында болот», - деди ал.

Мүнүшкөр 3 кыз, 2 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×