Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.10.2017 14:10

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Т.Маматалиев 6 жылдан бери жыгач идиш-аяктарды жасайт (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кароол-Дөбө айылынын 43 жаштагы тургуну Талантбек Маматалиев 6 жылдан бери жыгач устачылык менен алектенет. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Анын айтымында, жыгач идиш-аяктарды тойдон көрүп калып жасай баштаган.

«Мындан көп жыл мурун кудага барып калдым. Ошондо бизге жыгачтан жасалган чыныга тамак тартышкан. Ошол жерде отурган аксакалдар ошол нерсени көрүп алышып, "биздин ата-бабаларыбыз колдонгон буюмдарды жаңылап, унутта калтырбашыбыз керек" деп айтышкан. Ошол убакта мен жыгачтан буюмдарды жасап жүрчүмүн.

Бир күнү аксакалдардан жыгачтан жасалган буюмдардын жасалышын сурап, үйрөнүп келип жасай баштадым. Буларды кара жыгач, өсүп турган жаңгактын жыгачтарынан жасайм. Жаңгакты 7 миң сомдон алып иштетип чыгам. Биринчи жыгачтарды сууга кайнатып жытын чыгарып алып, кайра суу менен майга кайнатам. Толук кургаган маалда иштеп баштайм. Алдын 1 жумада бүтүрсөм, арты 1 айда бүтөт. Жыгач идиштерди 500 сомдон 25 миң сомго чейин сатам. Кээ бир буйрутма берүүчүлөр керектүү каражаттарды алып келип жасатып кетишет», - деди ал.

Уста жубайы Асел айым менен 4 баланы тарбиялоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×