Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 25.10.2017 14:25

Ысык-көлдүк футболчу балдар КРнын кубогунда 3-орунду алды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун футбол боюнча курама командасы балдар арасындагы Кыргызстандын кубогунда 3-орунду алды. Бул тууралуу Футбол федерациясынын облустагы жетекчиси Алмаз Усупов билдирди.

Ал белгилегендей, таймашка өлкөнүн бардык облустарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын курама командалары катышты.

«Биздин команда Таластын тайпасын утуп, 3-орунга ээ болду. Оюнга 12 жашка чейинки балдар катышты», - деди ал.

Ысык-Көл облусунун курама командасын Азамат Байсымаков менен Адилет Тынчыбеков машыктырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×