Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 25.10.2017 18:00

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк А.Жамгырчиева кийизден оюнчуктарды жасап, Европага чейин сатат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын 56 жаштагы тургуну Айнагүл Жамгырчиева 2001-жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2006-жылдан бери «Бир айыл — бир продукт» долбоору менен иштешип жатат.

«Биздин Ысык-Көлүбүздө туризм кышы-жайы дебей жакшы өнүккөн. Азыркы учурда айыл ичиндеги 7 аял бир жамаат болуп кийиз менен иштейбиз. Көбүнчө кийизден оюнчуктарды жасайбыз. Жүндү айыл ичинен эле чогултуп, тытып, тазалап алып колдонобуз», - деди ал.

Чебер айым буга катар эле бир кой куурчак жасоо үчүн 5 граммдан 10 граммга чейин жүн керектеле турганын кошумчалады.

«Алгач койдун башын, 2 бутун, колун денесин ченеп алабыз. Булар жаңы технологиялык ийнелер менен жасалат. Бир күндө 1 адам 1-2 оюнчук жасайт. Мунун майда жумушу көп болгондуктан убакытты көп талап кылат. Оюнчуктарыбыз Швейцария, Түркия, Кытайга чейин сатылат. Кол өнөрчүлүктү жогорулатуу үчүн чет жактан сабак алып турабыз. Тапкан эмгек акыбыз үй-бүлөбүздү багууга жетет», - деди ал.

Айнагүл Жамгырчиева 1 уул, 2 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×