Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 17.11.2017 18:22

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк уста Талапкер мырза комуздарды, камчыларды жасайт (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Орто-Арыкты айылындагы 22 жаштагы уста Нурдин уулу Талапкер 5 миң сомдук комуздарды жасайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жыгач устачылыкты таятасынан үйрөнгөн.

«Устачылык өнөрүмдү 19 жашымда баштадым. Биринчи комузумду ошондо чаап үйрөнө баштагам. Кийин өнөрүм күч алып талыкпай чаба баштадым. Комузду кара жыгач, карагай, өрүктөн жасаса болот. Алгач буларды 1 жылдай кургатып коёбуз. Андан соң сомдоп, формасына келтирип, ичин оюп тазалап алам. Үстүн капкактаганда сөзсүз карагай менен капкакташ керек. 1 же 2 күн желими кургаганча үстү бекитилип турат. Клей кургагандан кийин бир сыйра тазалап, лак менен же боек менен боёп коём. Булар кургаганча тээк менен кулагын жасап баштайм. Кичинекей комузду 1500 миң сомдон сатсам, чоңдорун 5 миңден сатам. Комуздун материалдары өзүмдөн чыгат», - деди ал.

Уста буга катар эле камчыларды даярдайт.

«Камчы жасаш үчүн тоодон түз табылгы алып келем. Башка жыгачтарга караганда табылгы катуу болот. Ошондой эле сабын эликтин бутунан да жасайм. Өргөндө сөзсүз кайыш колдонулат. Кайышты базар баасы менен сатып алам. Жасалган камчыларым 150 сомдон 900 сомго чейин бааланып сатылат. Көбүнчө улакчылар буйрутма беришет. Устачылыкты айылыбыздагы инилериме жана кызыккан кишилерге үйрөтүп жатам», - деди ал.

Уста жигит үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×